Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:34

Казак оппозиционери Мухтар Аблязов Францияда кармалды


Бозгунда жүргөн оппозициялык саясатчы, ишкер Мухтар Аблязов Франциянын Ницца шаарында камакка алынганын анын адвокаты "Азаттыктын» казак кызматына тастыктады. Аблязов кармалган учурда анын жанында кичүү карындашы Гаухар болгон.

Британиянын Financial Times гезити Аблязов Орусиянын өтүнүчү менен кармалганын жазып чыкты. Адвокат болсо азырынча так маалыматы жоктугун айтты.

Мухтар Аблязов - Казакстандын БТА банкынын башкаруучулар кеңешинин мурдагы төрагасы, президент Назарбаевдин ачык саясий оппоненти деп саналат. 2009-жылы БТА банк казак өкмөтүнүн көзөмөлүнө өткөндөн кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Ал өз мекенинде финансылык кылмыштар үчүн айтыпталган. Аблязов болсо өзүнө коюлган айыптарды четке кагып, саясий мүнөздө деп санайт. 2011-жылы Британиядан саясий баш паанек алган. Май айынын этегинде Италиядан анын аялы Алма Шалабаева менен алты жашар кызы Алматыга депортацияланган. Учурда алар үй камакта.

XS
SM
MD
LG