Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:48

АКШ чалгын кызматы өкмөттүн тыңчылык программасын коргоду


Конгресстеги угууда алар телефон жана интернет компаниялардан маалыматтарды мыйзамда каралган шартта алуу кимдир бирөөнүн конституциялык укугун бузгандык болбосун белгилешти. Бирок коомчулуктун тынчсыздануусун эске алуу менен программаны балким жакшыртуу зарылдыгын моюнга алышты.

Улуттук чалгын мекемесинин жогорку даражалуу өкүлү Роберт Литт:

- Мыйзам менен тескелген шартта телефон компанияларынан буга окшогон маалыматтарды топтоо кимдир бирөөнүн конституциялык укугун бузгандык деп эсептелбейт, - деп билдирди.

Конгресстеги республикачылар да, демократтар да сынга алган ички тыңчылык программанын зарылдыгын өкмөт террордук чабуулдардын алдын алуу үчүн зарыл деп түшүндүрүп келүүдө.

XS
SM
MD
LG