Жогорку Соттун басма сөз кызматы кабарлагандай, анда Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резерв агенттигинин мурдагы башчысы Пайзуллабек Рахмановго карата чыгарылган Биринчи май райондук сотунун чечими боюнча апелляциялык арыз каралмакчы. 3-июлда Биринчи май райондук соту Пайзуллабек Рахмановду күчөтүлгөн тартипте 12 жылга эркинен ажыраткан. Сот аны кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган, массалык башаламандык уюштурган деп тапты. Сотто Рахманов өзүнө тагылган айыптарды четке кагып, саясий иш катары баалаган.
“Ак жол” партиясынын мүчөсү, мурунку президент Курманбек Бакиевдин жакын адамдарынан бири саналган Пайзулла Рахманов 2010-жылдын апрель окуяларынан кийин сыртка чыгып кеткен. Ага эл аралык издөө жарыяланып, 2012-жылдын 15-июнунда Казакстандын Жамбыл облусунан кармалган. Анын жанынан Пазыл Ташбаев аттуу Беларустун жаранына таандык жасалма паспорт табылган. Рахманов Казакстандан Кыргызстанга 29-январда апкелинген.(ZKo)