Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:04

Москва бийлиги мыйзамсыз мигранттар үчүн убактылуу шаарча тигүүдө


Талаа ашканалары менен кошо чатырлардан курулган шаарчада бир жарым миңге чукул мыйзамсыз мигрант убактылуу жашайт. Аларды шаршембиде полиция Москванын базарларынан кармап келген. Шаарчанын тургундары полициянын көзөмөлү алдында болушат, алардын ден соолугуна медиктер көз салып турушат. Аларга ысык тамактан тышкары кургак тамак да берилет. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Москва башкармалыгынын маалымат катчысы Виктор Бирюков шаарда мыйзамсыз жүргөн мигранттардын баары мекенине депортацияланарын билдирди.

Шаршембиде Москвада 200 вьетнамдык, ошондой эле Египет, Марокко, Сирия, Кыргызстан, Азербайжан, Өзбекстандын 200 чамалуу жараны кармалганы кабарланган. Шейшембиде сегиз мигрантка уюшкан кылмыш тобун түзүү жана мыйзамсыз миграция боюнча кылмыш иши козголгон. Москванын базарларында кеңири масштабдагы рейддер 27-июлда Матвеев базарында түндүк кавказдык мигранттар тарабынан полициячыга кол салынгандан тартып жүргүзүлүүдө.

XS
SM
MD
LG