Көлдө өрт кырсыгы эки адамдын өмүрүн алып кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекиловдун айтымында, бүгүн эртең мененки саат сегиз жарымда Ысык-Көл районунун Бакты-Долоноту айылындагы Курманбай көчөсүндө жайгашкан №54 үйдө өрт чыккан. Үйдүн ээси, 75 жаштагы Виктор Власов жана 83 жаштагы Валентина Власова түтүнгө ууланып каза тапты. Адистердин алдын ала айтымында, кырсыктын чыгышына тамеки тартуудагы этиятсыздык себеп болгон. (RK)