Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:18

Орусиялык фонд Бишкекте адабий фестивал өткөрөт


Быйыл күзүндө Бишкекте адабий фестивал өткөнү жатат. Аны орусиялык Социалдык-экономикалык жана интеллектуалдык программалар фонду уюштурууда. Ноябрга деп пландалып жаткан бул фестивал Кыргызстанда адабий процесстерди жандантуу, Кыргызстан менен Орусиянын жаш жазуучуларынын чыгармачыл байланышын бекемдөө, азыркы кыргыз жана орус адабиятын жайылтуу максатын көздөйт. Түрдүү жолугушуулар, мастер-класс, чыгармачыл кече жана талкуулар уюштурулат. Фестивалдын демилгечиси - Социалдык-экономикалык жана интеллектуалдык программалар фондун Орусия президентинин администрациясынын мурдагы башчысы Сергей Филатов жетектейт. Буга чейин мындай иш-чаралар Беларус, Украина, Армения жана Казакстанда өткөрүлгөн. (RK)

XS
SM
MD
LG