Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:52

АКШда Иранга каршы жаңы экономикалык санкция даярдалууда


АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы Ирандын өзөктүк программасына байланыштуу ага каршы жаңы санкциялар жөнүндөгү мыйзам долбоорун колдоду. Бул документке өз макулдугун республикачылар көпчүлүктү түзгөн Өкүлдөр палатасынын 400 мүчөсү берди. Ал эми 20 конгрессмен каршы чыкты. Эгер мыйзам кабыл алынса, бир жыл бою Ирандан күнүнө азыркыдан бир миллион баррелге аз мунай сатылып алынат. Сенат бул мыйзам долбоорун сентябрда карайт. АКШ жана башка бир катар мамлекеттер Иран өзөктүк курал чыгарууга аракет көрүп жатат деп эсептейт. Ал эми расмий Тегеран Ирандын өзөктүк программасы тынчтык максатын гана көздөөрүн айтып келет. (RK)

XS
SM
MD
LG