Кыргызстанда Орозо айт 8-августта белгиленмей болду. Бул тууралуу бүгүн муфтияттан кабарлашты. Баардык мусулмандар үчүн ыйык деп эсептелген Орозо айы 9-июлда башталган болчу. Орозо айт болжол менен 8-августта болоору, бирок Айдын чыгышына жараша бир күнгө жылышы мүмкүн экени айтылган. Мусулманчылыктагы парзын аткарууну каалаган жүз миңдеген кыргызстандыктар бул күндөрү таң заардан ооз бекитип, ниет кылып, Орозо кармап жатат. (RK)