Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:20

Акыйкатчы кеңсеси: Турсунбек Акун менен эсептешип бүткөнбүз


Акыйкатчы кеңсеси Турсунбек Акун менен толугу бойдон эсептештип, эмгек китепчесин өткөрүп берген. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" акыйкатчынын маалымат катчысы Барно Сабирова билдирди. Анын айтымында, эсептешүү бүтөөр замат акыйкатчынын иш бөлмөсү мөөр басылып жабылган, бирок ошого карабастан Турсунбек Акун азыр да ал бөлмөгө каалаган убакта келип-кетип жатат:

- Ал мурдагы кабинетине кээде келип жатат. Бирок ага эч ким баш ийген жок.

Парламенттин чечими менен акыйкатчылык кызматтан алынган Турсунбек Акун өзү бул айткандарды четке кагууда. Ал парламенттин чечими мыйзамсыз деп эсептегендиктен сотко кайрылган.

- Жогорку Кеңеш мени кетирүү тууралуу чечим чыгарып коюп өзү эс алууга кетип калды. Адамдардын укугун ким коргойт, алар кимге кайрылат? Ошондуктан бул ишти азыр таштап кетүүгө менин моралдык укугум жок деп эсептегендиктен кеңсеге барып иштеп жатам, - деди Турсунбек Акун.

Ал ошондой эле айлык акыдан да, кызматтык унаадан да баш тартып, өз демилгеси менен иштеп жатканын билдирди.

Парламент криминалдык чөйрөнүн "лөгү" делген Азиз Батукаевдин абактан эртелей бошонуп кетишине байлап жайкы эс алууга кетээр алдында Турсунбек Акунду кызматтан алуу тууралуу чечим чыгарган. Бул үчүн Акун Жогорку Кеңешти сотко берген. (RK)

XS
SM
MD
LG