Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:13

Керри: АКШ Пакистан менен "стратегиялык диалогун" кайра баштайт


АКШ Пакистан менен коопсуздук жаатындагы "стратегиялык диалогун" кайра баштаганы жатат. Бул тууралуу бүгүн АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Исламабадда Пакистандын тышкы иштер боюнча кеңешчиси Сартаж Азиз менен чогуу өткөргөн маалымат жыйында айтты:
- Бүгүн эң маанилүүсү – АКШ менен Пакистанда азыркы алаканы толук өнөктөштүк деңгээлине чыгарып, ортодо мамилени бузууга бир топ жылдар бою себеп болуп келген маселелер боюнча иштешүүгө чоң калоонун болгону.
Керринин айтымында, америкалык да, пакистандык да бийлик эки тараптуу кызматташтыктын жакшырышына үмүттөнөт. Ага чейин Жон Керри жакында Пакистан өкмөтүнө башчы болуп келген Наваз Шариф менен жолуккан.
Эки өлкө ортосундагы мамиле 2011-жылы АКШ "Ал-Каида" террорчул уюмунун жетекчиси Усама бин Ладенди жок кылуу операциясын Пакистандын аймагында жүргүзгөндөн бери сууй түшкөн. Исламабад ошондой эле АКШнын учактары анын Ооганстан менен чектеш аймактарында террорчул күчтөргө каршы сокку уруп жатканына каршы чыгып келет. Себеби, пакистан тараптын пикиринде, бул өлкөнүн суверенитетине шек келтирүүдө. (TD/RK)

XS
SM
MD
LG