Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:12

Сноуден Орусиянын аймагында эркин жүрүү укугун алды


Эдвард Сноуден Орусиянын аймагында эркин басып-туруу укугуна ээ болду. Орусиянын Федералдык миграция кызматынын тиешелүү документтерин Сноуденге анын адвокаты Анатолий Кучерена алып келип берди. Айрым маалыматтар боюнча, ал "Шереметево" аэропортунун транзиттик зонасынан бир аз убакыт мурда чыгып кетти. Бирок каякка кеткени тууралуу маалымат жок.

АКШнын атайын кызматынын мурдагы кызматкери Эдвард Сноуден Американын чалгындоо боюнча электрондук программаларын жарыялап жибергени үчүн мекенинде айыпталууда. Ал Орусиядан убактылуу башпаанек сурап, 23-июндан бери Москвадагы “Шереметево” аэропортунун транзиттик аймагында турган. (RK)

XS
SM
MD
LG