Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:51

Москвада 11 кыргызстандык мигрант кармалды


Москвада полиция кармаган мигранттардын арасында он бир кыргызстандык бар.
Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен маалымдашты.

31-июлда Москва полициясы шаарда миңден ашуун мыйзамсыз жүргөн мигранттарды кармаган. Алардын басымдуу бөлүгүн вьетнамдыктар түзөт, калгандары Египеттин, Сириянын, Марокконун, Азербайжандын, Өзбекстандын, Тажикстандын жана Кыргызстандын жарандары экени кабарланган. Орус бийлиги мыйзамсыз мигранттардын баары мекенине депортацияланарын билдирүүдө. (ZKo)

XS
SM
MD
LG