Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:29

Путин менен Обаманын жолугушуусу болбой калышы ыктымал


Расмий Вашингтон орус бийлигинин Эдвард Сноуденге убактылуу башпаанек берүү тууралуу чечимине нааразы экендигин билдирүүдө. Ак үйдүн өкүлү Жей Карни маалымат жыйынында белгилегендей, Москва Сноуденге башпаанек берери тууралуу алдын ала кабарлаган эмес. Карни орус бийлигинин бул чечиминен кийин сентябрда күтүлүп жаткан жогорку деңгээлдеги орус-америка жолугушуусу болбой калуусу ыктымалдыгын да билдирди.

Сноудендин адвокаты Анатолий Кучеренанын айтымында, Эдвард Сноуден бейшембиде "Шереметьево" аэропортунан чыгып, Орусияга кирди. Ал башпаанек бергени үчүн орус бийлигине ыраазылыгын билдирип, Обаманын бийлигин сындады.

АКШнын атайын кызматынын мурдагы кызматкери Эдвард Сноуден Американын чалгындоо боюнча электрондук программаларын жарыялап жибергени үчүн мекенинде айыпталууда. Ал Орусиядан убактылуу башпаанек сурап, 23-июндан бери Москвадагы “Шереметьево” аэропортунун транзиттик аймагында турган.

XS
SM
MD
LG