Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:58

ЕККУ Коргоо министрлигине 2 млн. евролук жардам берет


Буга байланыштуу меморандумга бүгүн коргоо министри Таалайбек Өмүралиев менен ЕККУнун Бишкектеги өкүлү Сергей Капинов кол коюшат.

Коргоо министрлигинен маалымдашкандай, Меморандумдун алкагында курал-жарактар кору тууралуу программаны ишке ашырууга 2 млн. евро бөлүнөт. Аталган программа курал-жарак сакталуучу кампаларды куруу жана оңдоо, аскер бөлүктөрүн жакшыртуу, ашыкча курал-жарактарды жок кылуу, Куралдуу күчтөрдүн өкүлдөрүн окутуу жана курал-жарактардын электрондук базасын түзүү сыяктуу долбоорлордон турат.

Долбоор кыргыз өкмөтүнүн демилгеси менен ЕККУнун Бишкектеги өкүлчүлүгү тарабынан түзүлгөн. (ZKo)

XS
SM
MD
LG