Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:42

АКШ менен Пакистан стратегиялык диалогун кайра баштайт


Мамлекеттик катчы Жон Керри бул тууралуу Исламабаддагы басма сөз жыйында билдирди. Керри белгилегендей, эки тарап тең өз ара мамиленин алга жылышына жолтоо маселелерди жоюуга үмүттөнөт:

- Бүгүнкү эң маанилүү нерсе – АКШ менен Пакистандын өз ара алаканы толук кандуу өнөктөштүккө жылдырууну көздөгөнү, - деди Керри.

АКШ менен Пакистандын стратегиялык диалогу үзүлүүсүнө түрткү берген окуялардын бири 2011-жылы учкучсуз башкаруудагы америкалык учактын жаңылыш соккусунан пакистандык 24 жоокердин мерт кетиши болгон. Жон Керри Исламабаддагы сапары учурунда Пакистандын жаңы премьер-министри Навази Шариф менен да кездешти.

XS
SM
MD
LG