Тажикстан Орусия аскер базасынын өлкөдө 2042-жылга чейин турушун караган келишимди ратификациялайт. Бул тууралуу президент Эмомали Рахмон кечээ орус президенти Владимир Путин менен Москвадагы кездешүүсүндө билдирди. Аталган келишимге 2012-жылы эле кол коюлганы менен тажик парламенти аны ратификациялоодон карманып келген. Орусия тарап келишимди быйыл май айында бекиткен. Орусиянын Тажикстанда алты миңдей аскери бар.