Ысык-Көлдө 10 тоннага жакын жапайы кара куурай жок кылынды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Анын айтымында, атайын операция учурунда бир жумада 12 гектар аянттагы 9 тонна 600 килограмм кара куурай жок кылынды. 845 үйдүн короолору текшерилип, 109 административдик протокол түзүлдү. Ошондой эле ыкчам иликтөөнүн натыйжасында 7 күндө 9 кылмыш катталып, мыйзамсыз жүгүртүүдөн 6 килограмм 120 грамм маңзат алынды. (MK/RK)