Кыргыз телекөрсөтүүсүнүн 55 жылдыгына карата журналисттер арасында спорттук таймаштар өткөрүлөт. Бул тууралуу "Коомдук биринчи каналдан" кабарлашты. 23-25-августта футбол, шахмат жана бильярд боюнча мелдештер уюштурулат. Жеңүүчүлөргө дипломдор жана белектер тапшырылат. Жалпы байге фонду 150 миң сомду түзүүдө.
1958-жылы Кыргыз ССР министрлер кеңешинин- алдында Радио жана телеберүү комитети уюштурулуп, Фрунзе телестудиясы 30-декабрда ишин баштаган. Анын биринчи төрайымы болуп Рабия Менсеитова дайындалган. (RK)