Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:37

Депутаттын уулу 12 жылга кесилди


Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбай Бакир уулунун баласы Каныбек Бакиров 12 жылга кесилди. Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун мындай чечими 31-июлда чыкканы бүгүн маалым болду. Баш прокуратура козгогон кылмыш иш боюнча ага Баткен облустук прокуратурасында тергөөчү болуп иштеп турганда милиционерлерден акча талап кылган деген айып тагылган. Депутат уулуна карата чыгарылган өкүм саясый мүнөзгө ээ, негизсиз экенин билдирип, шаардык сотко кайралаарын айтууда. (RK)

XS
SM
MD
LG