Боом капчыгайында орнотулган эстеликтин жанында бүгүн Үркүндүн курмандыктары эскерилди. Алты боз үй тигилип, куран окулду. Эскерүү акциясына 300дөй киши катышканын "Азаттыкка" "Улуттук улуу курултай" уюмунун өкүлү Кубат Осмонов билдирди. Иш-чараны Үй куруучулар партиясы, "Улуттук улуу курултай", "Асаба", "Ашар", "Люстрация", "Кыргыз чоролору", "Эл үчүн" жана башка кыймылдар уюштурду. 1916-жылкы окуяны кыргын деп расмий атоо, Үркүндүн 100 жылдыгын мамлекеттик деңгээлде уюштуруу талаптары коюлду. 1916-жылы Кыргызстанда падышалык Орусиянын басымына каршы эл көтөрүлүп, тарыхчылардын эсебинде 200 миң чамалуу киши кырылган. 2008-жылы Жогорку Кеңеш август айынын алгачкы жумасын Үркүн курмандыктарын эскерүү күнү деп расмий жарыялаган. (RK)