Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:23

Ош шаарында жаңы мектеп ачылат


Ош шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Гүлайым Машрапованын “Азаттыкка” билдиргени боюнча, жаңы №53 мектептин салтанаттуу ачылышы Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүндө, 31-августта болот. Мектеп 320 орунга ылайыкталганы менен бүгүнкү күнү анда окууну каалаган балдардын саны 400дөн ашты. Машрапованын маалыматы боюнча, мектепте иштөөчү мугалимдер маселеси чечилди, окуу куралдары жана эмеректер республикалык бюджеттен каржыланууда.

Мектепте окутуу өзбек тилинде жүргүзүлөт.

Амир-Темир кичирайонундагы Калинин конушунда ачылуучу орто мектептин курулушу 2006-жылы башталган. Мектептин курулушуна мамлекеттик бюджеттен 23 млн. сом сарпталды. (ZKo)

XS
SM
MD
LG