Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:10

Бишкектен Дүйшөмбүгө жана Ташкентке кошумча аба каттамдар ачылат


Бишкек – Дүйшөмбү багыты боюнча үчүнчү авиакомпания 4-августтан тарта каттамдарды аткара баштайт. Тажикстандык “Ист Эйр” Дүйшөмбүдөн Бишкекке жумасына эки жолу жана Кыргызстандын борборунан тажик калаасына аптасына үч ирет каттайт. Билеттердин баасы бир тарапка 6160 сомдон. Учурда “Манас” эл аралык аба майданынан Дүйшөмбүгө кыргызстандык “Авиа Траффик Компани” жумасына эки жолу жана “Тажик Эйр” аптасына үч жолу учат.

Ошондой эле “Кыргызстан” авиакомпаниясы Бишкек – Ташкент багыты боюнча кошумча каттам киргизди. Кошумча каттам 13-августтан тарта жуманын экинчи күндөрү каттайт. Буга чейин кыргыз мамлекеттик авиакомпаниясы өзбек борбор калаасына жекшемби күндөрү гана учкан. “Өзбекстан аба жолдору” да Бишкекке аптасына эки ирет каттайт.

XS
SM
MD
LG