90 өлкөнүн 4 миңден ашуун өкүлү спорттун 19 түрү боюнча мөрөй талашып жаткан олимпиадада Кыргызстандын намысын 7 спортчу коргоп жатат. Алар грек-рим, эркин күрөш, дзюдо, үстөл тенниси, ок атуу жана сууда сүзүү боюнча алына, даярдыгына, чама-чаркына жараша мөрөй талашууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” Дүлөйлөр жана сокурлар бирикмесинин жетекчиси Калык Мамбетакунов кабарлады.
50 метрге брасс жана эркин ыкмада сууда сүзүү мелдештерине спорт чебери Денис Онищенко катышып, ийгилик жарата албады. Ал ошондой эле 10 метрге тапанча атуу мелдештеринде да өлкө намысын коргоп, бирок байгелүү орундарга илинбеди.
3-августта Сурдлимпиаданын дзюдо күрөшүнөн күч сынашууларына 66 кило салмакта Максат Бейшенкулов менен 90 кило салмакта Илгиз Каналбек уулу катышып жатат.
Үстөл тенниси боюнча таймаштарга Мирбек Аалиев катышып, эл аралык мелдештер кандай болоорун өзү көрүп, чеберлерден сабак алууда.
Мурдагы сурдлимпиаданын жана дүйнө чемпионатынын грек-рим күрөшүнөн коло байге ээси, спортко эмгек сиңирген чебер Арам Акопян 96 кило салмакта күрөшүп, жолу болбоду. 74 кило салмакта Закир Турдиев, оор салмакта Габит Айдарбеков да күрөшүп, ийгиликке жетпеди. Айдарбеков өзүнүн күч-кубатын эркин күрөш таймаштарында сынап көрүп, мыктылар сабына кошулган жок.
Кулагы укпагандардын дүйнөлүк оюндары 1924-жылы Парижде алгач ирет өткөрүлүп, ар бир 4 жыл сайын өтүп келатат. Олимпиада 5-августта жыйынтыкталат. (КМа)