Орусияда бийликтеги «Бирдиктүү Орусия» партиясынын жетекчилигинин өкүлү Константин Мазуревский оппозициялык активист Алексей Навальныйдын шайлоо өнөктүгүн каржылоо схемасы "Шайлоо жөнүндөгү" мыйзамды бузууда деген билдирүү жасады. Бул тууралуу ИТАР-ТАСС агенттиги кабарлайт. «Бирдиктүү Орусия» партиясы шайлоо өнөктүгүн каржылоо ачык-айкын болушу керектигин эскертип, ал эми Навальныйдын өнөктүгүнө кайдан каражат келип жатканы суроо туудурарын белгилейт.
Алексей Навальный 8-сентябрда өтчү Москванын мэрлигине болгон шайлоодо башкы талапкерлердин бири деп саналат. Ал Кремлдин тарапкери, Москванын мэринин милдетин аткаруучу Сергей Собяниндин башкы атаандашы болууда.