Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:31

Москвада мигранттар лагеринде жүздөн ашуун чет элдиктер кармалууда


Москванын түштүгүндөгү мигранттар үчүн тигилген чатыр лагерде жүздөн ашуун мигранттар кармалып, депортациялоону күтүшүүдө. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Москва шаардык Ички иштер башкармалыгына таянып билдирди. “Азаттыктын” орус кызматынын журналисттери мигранттар лагеринде Кыргызстандын Москвадагы вице-консулу Алмаз Букалаевди кезиктирген, “Москванын Ички иштер башкармалагы менен Федералдык миграция кызматына кармалгандардын өздүгүн тактоого, зарыл болсо документтештирүү жагынан жардам беребиз. Азырынча лагерде биздин жарандар бардыгы боюнча маалымат жок”, деди Кыргызстандын элчилигинин өкүлү.

31-июлдагы полициянын рейди маалында Москванын базарларында кармалган жүздөгөн мигранттар шаардык полициянын чет элдиктерди убактылуу кармаган борборлорунда жайгаштырылган.

27-июлда Москванын Матвеевск базарында белгисиз бирөө полиция кызматкерине кол салгандан кийин бир нече рейддер өткөрүлдү. Москвада мыйзамсыз жүргөн 1200 киши кармалды, алардын арасында Вьетнам, Египет, Марокко, Сирия, Азербайжан жана Өзбекстандын жарандары бар.

XS
SM
MD
LG