Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:35

Кыргызстандык дзюдочулар АКШда машыгып жатышат


Учурда Кыргызстандын дзю-до боюнча уландар арасындагы тандалма командасынын мүчөлөрү АКШнын Майами шаарында машыгууларын өткөрүп жатат. Алар Майами шаарында 8-августтан 11-августка чейин дзюдо боюнча дүйнө чемпионатына катышат. Бул тууралуу “Азаттыкка” федерация президенти Ырысбек Мааткабылов маалымдады.

Кыргызстандын намысын коргой турган 9 спортчунун катарында өлкө чемпиондору, эл аралык мелдештердин жеңүүчүлөрү Рыскул уулу Эртабылсын, Алибек Чороев, Эрмек Сариев жана башкалар бар.

Кыргызстандын делегациясын федерациянын башкы катчысы Эмил Рыскулов жетектеп барды. Балбандар 7-августка чейин америкалыктар менен бирге машыгып, АКШнын жаратылыш шартына ыңгайлашып, ден соолуктарын чыңдап жатышат.

Жаш балбандардан байгелүү орундарды ээлеп, кийинки жылы Кытайдын Нанкин шаарында өтө турган дүйнөлүк жаштардын Экинчи олимпиадасына жолдомо алып келүүгө аракет кылышмакчы. (КМа)

XS
SM
MD
LG