Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:59

Ошто журналисттер жайыттардын абалы менен таанышты


“Биом” экологиялык кыймылынын адистерди Оштогу журналисттерди жайлоолордун абалы менен тааныштырды. Дем алыш күндөрү жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү Өзгөн районундагы жайлоолорго чыгышты. Аларга эколог жана биолог адистер өсүмдүктөрдүн касиеттери жөнүндө сүйлөп, тоо кыртыштарындагы өзгөрүүлөрдү айтып беришти.

“Биом” экологиялык кыймылынын өсүмдүктөр боюнча эксперти Людмила Пенкинанын айтымында, жайлоолордо нымдуулук азайып, жер кыртышынын абалы начарлоодо. Адистин айтымында, буга мал-койлордун көп жайыла баштаганы жана токойлор арбын кыйылып жатканы себеп болууда. Андан сырткары чабандар жер которуу ыкмасын колдонбой жатканы да өсүмдүктөрдүн түрүнүн жоголушуна себеп болуп жатат. Анткени жыл сайын бир жерге чыгып мал-кой багуу – ошол жердеги өсүмдүктөрдүн азайышын, убакыт өтүп такыр эле жок болуп кетүүсүн шарттайт дейт адис.

“Биом” экологиялык кыймылынын изилдөөсүнө ылайык, Ош жана Жалал-Абад облустарында токойлор жакшы сакталып турат. Ал эми Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустары токойлор эң көп кыйылып жаткан аймактар болуп эсептелет.

“Биом” экологиялык кыймылы – Кыргызстандын экологиялык абалына байкоо жүргүзүп келаткан мамлекеттик эмес уюм катары белгилүү. (SE)

XS
SM
MD
LG