Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:56

Футбол: Кыргызстанда “Достук кубогу” өтүүдө


3-августта Бишкек жана Кант шаарларында футбол боюнча уландар арасында Эл аралык “Достук кубогу” турниринин алгачкы оюндары болду. Ага Кыргызстандын, Беларустун, Азербайжандын жана Тажикстандын жаш футболчулары катышууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” федерациянын башкы катчысы Дастан Конокбаев кабарлады.

Бишкекте биринчи беттешүүдө Азербайжан менен Беларустун тандалма командалары ойноп, 5:3 эсебинде азербайжандык футболчулар жеңди.

Кант шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын жаш футболчулары беттешти. Жыйынтыгында 7:2 эсебинде тажистандыктар утуп алды. Былтыр тажикстандыктар бул турнирде баш байгени уткан эле.

5-августта Кыргызстан менен Беларустун командалары беттешет. Алгачкы оюндарда жеңишке жетишкен эки команда: Тажикстан менен Азербайжандын беттешүүсү 5-августта Бишкектеги “Дордой” стадионунда болот. 7-августта кыргызстандык футболчулар Азербайжандын командасы менен ойнойт. (КМа)

XS
SM
MD
LG