Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:57

Аба ырайы: тоолуу аймактарда жаан жаайт


Синоптиктердин маалыматы боюнча, 5-августта Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана тоолуу аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 16...21, күндүз 32...37 градус ысыйт. Таласта түнкүсүн 9...14, күндүз 30...35 градус ысык болот. Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 17...22, күндүз 33...38 градуска чейин көтөрүлөт. Өрүкзарлуу Баткенде түнкүсүн 15...20, күндүз 31...36 градус ысыйт. Ысык-Көлдө түнкүсүн 10...15, күндүз 25...30 градуска жетет. Нарында түнкүсүн 9...14, күндүз 29...24 градуска чейин ысыйт.

Борбор калаа Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр болот. Абанын температурасы: түнкүсүн 18...20, күндүз 34...36 градус болот.

XS
SM
MD
LG