Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:39

Ооганстан менен Пакистанда суу ташкынынан өлгөндөр көбөйдү


Жалпысы болуп табигый апааттан набыт болгондордун саны 89га жетти. Сел Ооганстандын түштүк жана чыгыш аймактарындагы он чакты провинциясын жана Кабулду каптады, ондогон турак-жайлар кыйрады. Ооган чиновниктеринин билдиришинче кырсыктан 59 киши набыт болду, анын ичинде отуздан ашууну Кабул провинциясынан.

Пакистандын Карачи шаарында өлгөндөрдүн көпчүлүгү электр тогунан же кыйраган үйлөрдүн урандысында калып өлгөнү айтылууда. Жергиликтүү бийлик Карачидеги бир нече башкы унаа жолдору да суу алдында калганын билдирди. Тоодон аккан селден өлкөнүн түндүк аймагы көбүрөөк жабыркоодо.

Пакистанда акыркы үч жылдан бери суу ташкындап келет, 2010-жылы селдин кесепетинен 1800 киши өлгөн.

XS
SM
MD
LG