Хасан Рухани жекшембиде парламент мүчөлөрүнүн алдында ант берди:
- Иран элин, ислам республикасынын расмий динин жана Ыйык Куранды өлкөнүн Башмыйзамы катары коргоого кудай алдында ант берем.
Ант берүү аземине 50дөн ашуун мамлекеттердин, анын ичинде Ооганстан, Казакстан, Түркмөнстан, Пакистандын жана Түштүк Кореянын лидерлери чакырылды. Ошондой эле Евробиримдиктин тышкы иштер боюнча мурдагы жогорку өкүлү Хавер Солану да чакырылган. Рухани өз сөзүндө батыш өлкөлөрүн Иранга өзөктүк программасына байланыштуу киргизилген санкцияларды алууга үндөдү. Ал ошондой эле Иран ислам өлкөсү менен кызматташуу сүйлөшүү, эки тараптуу ишеним жана сыйдын артында гана болорун айтты.
Руханинин төрт жылдык мамлекетти башкаруу мөөнөтү ишемби күнү Ирандын диний лидери Аятолла ал-Хаменей бекиткенден тарта башталды. Ирандын президенттик аппаратын АКШда жогорку билим алган ишкер жетектейт, ал эми Тышкы иштер министрлигине Ирандын БУУдагы мурунку өкүлү Мухаммед Жавад Зариф дайындалды.