Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:12

Баткенде үч тилдүү гезит жарык көрө баштады


Кыргыз, орус жана тажик тилдеринде жарык көрүүчү “Достук”, “Дружба” жана “Дусти” деп аталган гезит облустун Тажикстан менен чектешкен аймактарына таркатылат. Гезиттин башкы редактору Адилбек Батыровдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча 5 000 нуска менен чыгып жаткан басылма Кыргызстандын Баткен, Тажикстандын Согди облустарынын элине бекер таратылат. Баш редактордун маалыматы боюнча, үч тилдүү гезиттин чыгышы коңшулаш эки облус жетекчилеринин демилгеси менен эл аралык уюмдардын колдоосунда чыгып жатат.

Баткен Кыргызстандын түштүк аймагында жайгашкан, Өзбекстан жана Тажикстан менен чектешет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG