Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:34

Кылычбек Шакиров “Центерра Голддун” директорлор кеңешине мүчө болуп шайланды


Мындай маалыматты “Азаттыкка” Кылычбек Шакиров тастыктады. Шакировдун айтымында, анын талапкерлиги “Центерра Голддун” директорлор кеңешинин 31-июлда өткөн жыйынында жактырылды. Анын талапкерлигин Кыргызстан көрсөткөн. Кылычбек Шакиров “Кыргызалтын” ишканасынын вице-президенти.

Кумтөр кенин иштеткен канадалык “Центерра Голд” компаниясынын директорлор кеңешинин 12 мүчөсү бар. Алардын үчөө кыргызстандык. Буга чейин Кыргызстандан Амангелди Муралиев жана Карыбек Ибраев кирген болчу. (BkA)

XS
SM
MD
LG