Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:21

Ооганстанда мал базарга бомба чабуулу жасалды


Ооганстандын түштүгүндөгү Кандагар шаарында бомба чабуулунан төрт жаран набыт болду. Кол арабага жашырылган бомба Кандагардын мал базарында бүгүн таңга жуук эл жык-жыйма болуп турган кезде жардырылган.

Жардыруудан кеминде 22 киши жарадар болгонун Кандагар провинциясынын губернаторунун өкүлү Йавед Файсал “Азаттык” радиосуна билдирди. Бомба чабуулун ким уюштурганы азырынча беймаалым.

 

XS
SM
MD
LG