Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:35

Пакистан жана Ооганстанда жамгырдан 89 адам мерт кетти


Пакистанда муссондук жамгырдан улам дем алыш күндөрү кеминде 30 адам набыт болду. Ооганстандын чыгышындагы жана түштүк-чыгышындагы тогуз провинцияда нөшөрлөп куйган жаан көптөгөн үйлөрдү кыйратып, 59 киши курман болду. Ондогон адамдар дарексиз жок.

Коңшулаш эки өлкөнүн бийликтери чыгым дагы көп болот деп кооптонушууда. Жамгырдан Кабыл провинциясынын Суроби районунда 35 адам апаат болгону, Пакистандын түштүгүндөгү Карачи шаарында 16 адам өлгөнү тастыкталды. Карачинин кан жолдору буулуп, электр мамылары жыгылып, көптөгөн адамдар чырагы жок отурат.

XS
SM
MD
LG