Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:43

Орусиялык төрт табият коргоочу “пара алган” деп соттолду


Орусия президенти Владимир Путиндин Кара деңиз боюндагы Геленжик шаарчасындагы дачасынын курулушун изилдеген төрт табият коргоочу “көз боёмочулук кылган” деп айыпталып, 8 жылдан 13 жылга чейин эркинен ажыратылды. Өкүм качан чыкканы белгисиз.

Маалымат булактарынын билдиришинче, Зуфар Ачилов, Владимир Иванов, Владимир Семергей жана Гагик Аванесян быйыл февралда президент Путинге жана Орус православ чиркөөсүнүн патриархы Кириллге таандык деген жайкы резиденциянын курулушун иликтеп жүргөндө камакка алынган. Сот аларды курулуш компаниясынын айрым былыктарын жашыруу үчүн андан акча алган деп тапты. Табият коргоочулар эч кандай пара алышпаганын, абакта отурганда уруп-кыйналганын айтышууда.

XS
SM
MD
LG