Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:15

Москвадагы мигранттар лагеринде төрт кыргызстандык жаран бар


Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги маалымдагандай алардын экөө аялдар, бардыгы тең жанында документтери жок болгону үчүн кармалышкан. Маалыматта айтылгандай, лагердегилер аял-эркегине карабай чогуу кармалышууда. Учурда Москвадагы Кыргызстандын консулдугу кармалып турган мекендештерге аты-жөнүн тастыктаган документтерин жана кийим-кечелерин берүү маселесинин үстүндө иштеп жатышат.

5-август күнү Орусиядагы кыргыз элчилигинин кызматкерлери Москвадагы мигранттар лагерине барып, ал жерде кармалып турган кыргызстандыктардын так саны жана абалы менен таанышты.

Москва бийлиги 1-августтан тарта шаардагы мыйзамсыз жүргөн мигранттардын бардыгын мекенине депортациялоо максатында атайын алар үчүн чатыр лагер уюштурган.

Такталбаган маалыматтар боюнча Москва шаарында эле жүз миң чамалуу кыргызстандык мигранттар иштейт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG