Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:18

Бишкекте Хиросима каргашасы эскерилет


Борбор калаадагы кыргыз-жапон борборунда 67 жыл мурунку атомдук бомбалоонун курмандыктары эскерилет. Иш-чара “ачык эшик” форматында болот, каалоочулардын баары жапон элинин 20-кылымдагы трагедиясы тууралуу документалдуу тасмаларды жана мультфильмдерди көрө алышат. Ошондой эле каалоочулар Фукусиманын жашоочуларын колдогон сөздөрүн айта алышат.

1945-жылы 6-август күнү АКШ Жапониянын Хиросима шаарына өзөктүк бомба таштаган. Бул жерде бир ай ичинде эле 140 миңдей адам өлгөн. Үч күндөн кийин, 1945-жылдын 9-августунда жергиликтүү убакыт боюнча күндүзгү саат 11ден 2 мүнөт өткөндө өзөктүк бомба Нагасаки шаарына ташталган. Андан шаарда 80 миңдей адамдын өмүрү кыйылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG