Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:07

Турсунбек Акунду коргоо комитеттери түзүлдү


Нарын, Ысык-Көл, Чүй жана Баткен облустарында Турсунбек Акунду коргоо комитеттери түзүлдү. Бул тууралуу «Азаттыкка» Акун өзү кабарлады. Анын айтымында, тарапкерлер Жогорку Кеңештин акыйкатчылыктан алуу чечимине нааразылыгын билдиришүүдө.

27-июнда парламент Турсунбек Акунду “мыйзамдагы ууру” аталган Азиз Батукаевдин абактан эртелей бошотулушуна тиешеси бар деп акыйкатчылыктан алуу чечимин кабыл алган. Бул орунга сынак жарыяланып, учурда 13 адамдын талапкерлиги көрсөтүлдү. Жаңы акыйкатчы сентябрь айында тандалмакчы. Бирок Турсунбек Акун парламенттин бул чечими мыйзамсыз экенин айтып, Бишкек шаардык райондор аралык сотко кайрылды. Бул чечимди жокко чыгаруу боюнча соттун алгачкы отуруму 16-августка дайындалган.(BkA)

XS
SM
MD
LG