Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Ага ылайык, 31-июлда Түркиянын борбор калаасынын Кичөрен районунда Кыргызстандын күнү өтүп, үйү ачылды. Салтанаттуу бул аземге Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Эрмек Ибраимов, кыргызстандык студенттер катышты. Ошондой эле Кыргызстандан барган “Ак Шоола” балдар хору жана “Ак Ниет” бий топторунун концерти уюштурулду.(BkA)