Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Сталбек Усубакунов билдирди. Анын айтымында, 7-августтан тарта Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын жеке курамы күчөтүлгөн тартипте иштейт. Бул даярдык жакынкы күндөргө белгиленген «Ынтымак» форумун жана орозо айт майрамын тынч өткөрүүгө багытталган.
Облустук ички иштер башкармалыгы форумду өткөрүү учурунда коомдук тартипти сактоо, жеке курамдын күчтөрүн жана каражаттарын координациялоо максатында ыкчам штаб түзгөн. Муну менен катар коомдук-саясий абалды сактоо үчүн ыктыярдуу кошуундардын миң мүчөсү кызматташууга каалоосун билдирген.
Ысык-Көлдө "Ынтымак" форуму 10-11-августта өтөт. Ага облустагы бардык айылдардын өкүлдөрү катышып, жергиликтүү тургундарды биримдикке чакыруу максатын көздөйт. Форумда облустагы көйгөйлүү маселелер да талкууланары күтүлүүдө.(MK)