Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:26

Вашингтон Йемендеги америкалыктарды “тез арада” өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырды


Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаменти Йеменде “күтүүсүз террор чабуулдары болушу мүмкүн” деген камтамачылык менен ал жакта турушу зарыл болбогон бүт америкалык жарандарды өлкөдөн “тезинен” чыгып кетүгө чакырды. Соңку эскертүү АКШ Жакынкы Чыгышта жана Африкада 20дан ашуун дипломатиялык миссиясын жапкандан кийин жасалды. Буга “Ал-Каиданын” лидери Йемендеги бөлүмүнө теракттарды уюштурууга буйрук бергени ачыкталганы себеп болгон эле.

Бир аз мурдараак Йемендин атын атабаган расмий өкүлү бүгүн өлкөнүн Мариб провинциясында АКШнын абадан урулган соккусунан “Ал-Каиданын” төрт адамы тындым кылынганын кабарлаган. Алардын кеминде экөө террор уюмундагы жетекчилерден экени айтылууда.

Британия, Франция, Германия жана Норвегия да региондогу айрым элчиликтерин жабышты.

XS
SM
MD
LG