Бул тууралуу “Азаттыкка” “Дордой” спорт клубунун төрагасы Шаршен Касенов кабарлады. Анын айтымында, “Дордой” ассоциациясы жетекчиси Аскар Салымбековдун демилгеси астында аймактардагы каралбай калган спорттук жайларды калыбына келтирүү боюнча атайын долбоорду баштады. Анын алкагында Токтогул шаарчасындагы каралбай калган стадион толугу менен оңдолуп, заманбап футбол майданы, көк майсаң төшөлүп жатат. Жакынкы апталарда пайдаланууга берилет.
Ошондой эле Аксы районунун борбору Кербенде минифутболдук аянтча куруу ниети бар. Касеновдун айтымында, бул долбоор алкагында өлкөнүн башка аймактарында да стадиондор оңдолуп, спорттук мелдештерди жандандыруу мерчемделди. (BkA)