Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:48

Пакистандын армиясы Кашмирде индиялык аскерлерди өлтүрүшкөнү айтылууда


Индиялык айрым расмий өкүлдөр Пакистан менен чектеш жердеги талаштуу Кашмир аймагында беш индиялык аскер өлтүрүлгөнүн билдиришти. Кашмирдин Индияга караган бөлүгүнүн башкы министри Омар Абдулла бүгүн билдиргендей, инцидент чек ара линиясында болгон. Индия армиясы муну 2003-жылы атышууну токтотуу жөнүндө кабыл алынган келишимди “орой бузгандык” деп атады.

Пакистандын армиясы бирок чек арада бул өңдүү окуя болбогонун айтууда. Бир нече күн мурун Пакистан Индияга тынчтык сүйлөшүүлөрүн кайра улантууну сунуштаган. Индиялык министр Абдулла бул өңдүү чабуулдар мамилени оңдогонго эч жардам болбойт деди.

Калкынын басымдуу бөлүгүн мусулмандар түзгөн Кашмир региону азыр экиге бөлүнгөн, бирок Индия да, Пакистан да аны толугу менен өздөрүнүн жери деп билишет.

XS
SM
MD
LG