Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:51

Роухани: Иран ядролук программа боюнча "олуттуу сүйлөшүүлөргө" даяр


Ирандын жаңы президенти 4-августтан тарта ишине расмий киришкен
Ирандын жаңы президенти 4-августтан тарта ишине расмий киришкен
Ирандын президенти Хасан Роухани: “Иран өзүнүн талаштуу атомдук программасы боюнча Батыш менен олуттуу сүйлөшүүлөргө даяр”, - деп билдирди. Роухани бул тууралуу бүгүн Тегеранда президент катары расмий ишке киришкенден берки алгачкы пресс-конференцияда айтты.

Анын ишениминде, өзөктүк программанын айланасындагы талаш-тартыштарды “бардык тараптарда саясий эрк болсо гана” чечсе болот.

"Биз убакытты текке кетирбей, олуттуу сүйлөшүүлөрдү баштоого толук даяр экенибизди айткым келет. Эгерде экинчи тарап да буга олуттуу караса, диалог аркылуу жакын арада бири-бирибизди тынчсыздандырган жагдайларды чече алабыз деп ишенем", - деди президент Роухани.

“Конструктивдүү диалог бүт баарыбыз үчүн утушка гана турат”, - деди ал. АКШ азырга чейин “карама-каршылыктуу сигналдарды” берип келгенин, Тегеранга каршы санкциялар эч бир оң жыйынтык бербегенин, “сүйлөшүү коркутууларга негизделбеши керектигин” кошумчалады. “Иран эли шайлоо аркылуу дүйнө менен байланышты каалай турганын көрсөттү”, - деди Ирандын жаңы президенти.

XS
SM
MD
LG