Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:30

Орусия Мигранттар Федерациясы: "Мыйзамсыздардын ишин мыйзамдаштырыш керек"


Рейддерде кармалган мыйзамсыз мигранттарды полиция ушул лагерге топтогон, 5-август, 2013
Рейддерде кармалган мыйзамсыз мигранттарды полиция ушул лагерге топтогон, 5-август, 2013
Ушундай сунуш менен Федерация өлкө президенти Владимир Путинге жана Москванын мэринин милдетин аткаруучу Сергей Собянинге кайрылаарын бүгүн баш калаадагы маалымат жыйында уюмдун төрагасы Маджумдер Мухаммад Амин билдирди. “Интерфакс” агенттиги анын сөзүнө шилтеме менен “Эгер мигранттарды кодулоо улантыла берсе, биз эл аралык уюмдарга кайрылабыз” дегенин жазды. Орусиянын мигранттар Федерациясынын маалыматына караганда, өлкөдө 10 миллиондой мигрант мыйзамсыз иштейт жана алардын эки миллионго жакыны Москвада жашайт.

27-июлда Москвадагы “Матвеевск” базасында полиция менен мигранттардын кагылышында бир полициячы башынан катуу жаракат алып, ооруканага жаткырылган. Мунун артынан шаар полициясы Москванын өзүндөгү жана ага жакын шаарчалардагы базарларда рейддерди өткөрүп, үч миңдей адамды кармаганы айтылган эле. Азыр мыйзамсыз мигранттар үчүн ачылган лагерде 540дан ашуун киши кармалып турганы кабарланды. Алардын ичинде төрт кыргызстандык жаран да бар.

XS
SM
MD
LG