Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:31

Жогорку Сот “атажуртчу” депутаттардын иши боюнча кеңешүүгө кетти


Бир нече саатка созулган жарыш сөздөн кийин, сот чечим чыгаруу үчүн өз бөлмөсүнө кетти. Бул тууралуу сот жараянына катышып жаткан кабарчыбыз билдирди.

Бүгүн жарыш сөздө айыптоочулар “Ата-Журт” партиясынын депутаттарын актаган Бишкек шаардык сотунун чечимин жокко чыгарууну сурашты, жактоочулары тескерисинче депутаттардын акталышы адилет чечим болгон деп билдиришти.

Бүгүн Жогорку Сотто «Ата-Журт» партиясынын депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун иши боюнча жараян башталган. Бүгүнкү жараянга Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаров катышкан жок.

Былтыр 3-октябрдагы митингден соң мамлекеттик бийликти басып алууга аракет жасаган деп айыпталып жаткан "Ата-Журттун" депутаттары Камчыбек Ташиевди жана Садыр Жапаровду Биринчи май райондук соту бир жарым жылга, Талант Мамытовду бир жылга кескен. Бишкек шаардык соту аларды актап чыгарган. Мындай өкүмгө макул болбогон Башкы прокуратура көзөмөл арыз менен Жогорку Сотко кайрылган.(AKu;ZKo)

XS
SM
MD
LG