Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:47

АКШнын мурдагы президенти Жорж Буштун жүрөгүнө операция жасалды


Жорж Буш, 30-апрель, 2013
Жорж Буш, 30-апрель, 2013
Операция ийгиликтүү өткөнүн Буштун маалымат катчысы Фредди Форд кабарлады. Бүгүн Техаста өткөрүлгөн операцияда мурдагы президенттин жүрөгүндө кысылып калган тамырынын оордуна стент коюлду. 67 жаштагы Буштун жүрөгүндө проблема бар экенин дарыгерлер кечээ ал текшерингени келгенде байкашкан.

Форддун айтымында, азыр Буштун абалы жакшы, эртең ооруканадан чыгарылаары күтүлүүдө.

Жорж Буш 1995-2000-жылдар аралыгында Техас штатынын губернатору болгон. 2001-жылдан 2009-жылга чейин ал АКШнын президенти катары иштеди. Азыр Далласта жашайт.

XS
SM
MD
LG