Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:41

Жалал-Абад шаардык соту “Ата-Журттун” айрым мүчөлөрүнүн ишин карайт


Бүгүн партиянын аймактагы активисттери Медер Үсөновдун, Шайырбек Ташиевдин, Жеңишбек Токторбаевдин, Абсатар Сыргабаевдин, Азимбек Жумашевдин жана Айбек Сулаймановдун иши каралат. Алар "бийликти күч менен басып алган", "күч менен басып алууга чакырган" жана "массалык башаламандык уюштурган" деп күнөөлөнүүдө.

“Ата Журт” партиясынын Жалал-Абад шаарындагы координатору Жеңишбек Токторбаевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча айыпталуучулардын эч кимиси күнөөлөрүн мойнуна албайт. Анын айтымында, мамлекеттик бийликти басып алуу аракети болгон эмес.

31-майда Жалал-Абадда Кумтөр жана камалган депутаттар боюнча нааразылык акцияга чыккандар облустук акимчиликти басып алган. Анда Медербек Үсөнов “элдик губернатор” деп жарыяланган. Кийин Үсөновду Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет камап салганда митингчилер Барпы айылынын тушунда Ош-Бишкек жолун буушкан эле. (YA/ZKo)

XS
SM
MD
LG