Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:25

Ирактагы жардыруу жана атышуулардан өлгөндөрдүн саны отуздан ашты


Багдадда жана башка шаарлардагы атышуулардан кеминде 32 киши набыт болуп, 107 адам жаракат алды. Борбор калаада мина коюлган жети автоунаа жана бир катар дүкөндөр жардырылган. Ал-Фалужи районундагы кол салуудан полициячы өлдү.

Ички иштер министрлиги суниттер мене шииттердин ортосундагы ажырым күчөгөнүнөн улам Иракта согуш коркунучу бар экенин билдирүүдө. Багдадда коопсуздук чаралары күчөтүлүп, көптөгөн жолдор жабылды.

БУУнун маалыматы боюнча, июль айы Ирактагы эң кандуу ай деп табылды, бул айда миңдеген киши өлтүрүлгөн.

XS
SM
MD
LG